ЖАП II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Каалганы, дарбазаны жана жалпы эле ачылып жабыла турган нерселерди жабык абалга келтирүү, ачык абалда калтырбай бекитүү. Канчалык этият кылса да, каалганы жапканда карс эте түштү (Байтемиров). Айсулуу кайра келди, үйүн ачты, Кирген соң үй эшигин кайра жапты (Үмөталиев). 2. Кандайдыр бир нерселердин үстүнө каптай салуу, чүмкөө, каптоо. Камыш жапкан жаңы салган үйлөр бар (Токомбаев). Жабуу жапса жарашып, жаркыраган торпогум (Тоголок Молдо). Бак башын бубак жапкан самсааланып (Бөкөнбаев). Сый көрсөтүү, урматтоо иретинде чапан, кийим кийгизүү. Жолдошуң сайын бир-бирден, Күрөөкө соот жабайын! («Манас»). 3. Сүйкөө, сүртүү, шыбоо. Бутун жууп тазалап, Кайра дары жапты эми («Эр Табылды»). || Бир нерсенин бетине жабыштыруу, чаптоо (көбүнчө нан бышыруу, казанга, дандырга жабыштыруу). Ашык толду план деп, Апаппак нан жабалык (Нуркамал). 4. Жая берүү, каптай берүү, жайпоо, жайпай төгүлүү, каптай төгүлүү (көбүнчө суюктуктун куюлушу же төгүлүшүнө карата). Орто жерге келгенде суу аттын жалын жаба берди («Жаш ленинчи»). Кыз аз жерден сорпону өзүнө жаба төгүп ала жаздады («Жаш ленинчи»). 5. Кандайдыр бир башталган ишти аяктатуу, токтотуу. Директор акыркы сөзүн сүйлөп бүтүп, жыйналышты жапты. || Бакалчылар майда-чайда буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев). 6. Жашыруу, билгизбөөгө аракет кылуу, ачыкка чыгарбоо. Бирдин жамандыгын миңдин жакшылыгы жабат («Жаш ленинчи»). Акыйкаттап көрсөттү, Айбын жаппай жашырып («Жазгыч акындар»). 7. Ордун толтуруу, кемчил же жетишпеген жагын толуктоо, ордун бастыруу. Чыгымдалган каражаттарын түшкөн пайданын эсебинен жапты.